• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жапаров: Көп жылдар бою Кыргызстан Россия менен эриш-аркак өнүктү

Президент 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. «Көп жылдар бою Кыргызстан Россия менен эриш-аркак өнүктү. Бул урагыс байланыштардын бир жагынан байыркы, бир жагынан жаш мамлекеттүүлүгүбүздүн материалдык жана руханий пайдубалынын түптөлүшүндө тарыхый жактан ээлеген орду чоң», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өкмөттүк «Слово Кыргызстана» гезитинин бүгүнкү, 19-февралдагы санына жарыяланган өзүнүн макаласында.

Мамлекет башчысы белгилегендей, орус тили — заманбап адабиятты жана маданиятты түшүнүүдө чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачкан байланыштын куралы.

«Биз негизги маалыматтарды орус тилинде алабыз. Ошол эле учурда мамлекеттик тилибиздин өнүгүшүндө бир топ жылыштар байкалды — жаштар, ырчылар, актерлор кыргыз тилинде сүйлөп, мыйзамдар жазылууда. Кыргыз тили орус тилине кедергисин тийгизбей өнүгүшү керек. Орус тили расмий тил гана эмес, өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили. Ал мыйзамдык жактан жакшы корголгон, анын макамы Конституцияда белгиленген. Мен Президент жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиги катары, бул маселедеги саясий манипуляциялоо аракеттерине чечкиндүү каршы турам», — деп баса белгиледи Президент.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров чет тилдерди, айрыкча, англис тилин кошумча үйрөнүү бүгүнкү күндүн талабы экенин белгиледи.

«Азыркы жаштар эки же андан ашык чет тилде сүйлөп, коомдо жакшы тенденция түзүлдү. Англис тили дагы эл аралык баарлашуунун тили болгондуктан, мен жаш муундун өкүлдөрүн чет тилдерди тереңдетип окууга чакырам», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий