• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кризис-менеджер катары өзүн көрсөттү. Жапаров мамкатчы Касмамбетовдун дайындалышы жөнүндө

Президент 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы кызматынан бошотулуп, анын ордуна президенттик администрация жетекчиси кызматын аркалап келген Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды.

Мамлекет башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, анда мамлекеттик катчы кызматына жаңыдан дайындалган Сүйүнбек Касмамбетов тууралуу өз пикирин калтырган.

"Сүйүнбек Касмамбетов 30 жыл ичинде өлкөбүздө кандай саясий бурулуштар болбосун, олку-солку учурларда да мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалап келген белгилүү адам. Анын өз ишине берилгендигин, күжүрмөндүгүн, баштаган ишин аягына чыгара билген кесипкөйлүгүн көп саясатчылар, мамлекеттик жетекчилер жакшы билет", - дейт президент.

Жапаровдун пикирине караганда, ал кризис-менеджер катары өзүн көрсөтүп, ошол эле учурда саясий оюндардан оолак болуп, таза иштеп келди.

"Өткөн жылкы эң оор мезгилде президент аппаратынын жетекчилигине дайындалган учурда аны бардык саясий топтор колдоого алышты, тагылган милдеттерин жөндөп, алып кетерине толук ишеништи. Ал чындап эле кыска убакыт аралыгында аппараттын ишин жөнгө салып кете алды. Мамлекеттик маанидеги бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп берди. Анын жетекчилигинде аппараттын иши өз натыйжасын берди. Ал өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан тартып Жогорку Кеңеште иштеп, анын Аппаратын жетектеп турду. Ошол мезгилде мыйзам долбоорлорун даярдоо процедуралары түздөн-түз анын кароосунан өткөн.

Ар кандай көз карашты, позицияны карманган саясий фракциялардан куралган Жогорку Кеңештин ишин калыс, ачык-айкын уюштуруп бере алгандыгын көп саясатчылар жакшы билет жана анын мындай өзгөчө сапаттарга ээ экенин баалашат.

Сүйүнбек Сапарбекович Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өкмөт менен президенттин аппаратын бирдиктүү түзүм катары калыптандырууга салым кошуп, кыска убакытта анын ишин жолго кое алды.

Жалпыга маалым болгондой, Сүйүнбек Касмамбетов залкар манасчы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касмамбетовдун татыктуу уулу. Ал атасынын жолун, өнөрүн улаган адам. Маданият, идеология тармагын жакшы түшүнөт. Бул киши кыргыздын нарк-насилинен, каада-салтынан жакшы кабардар.

Сүйүнбек Касмамбетов таза, эмгекчил, ишин мыкты билген мамлекетчил адам. Жогоруда айткандардымдын негизинде Сүйүнбек Касмамбетовду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы кызматына дайындоо чечимин кабыл алдым.

Ал эми буга чейин Мамлекеттик катчы кызматын аркалап келген Чолпонбек Абыкеев он бир жылдан бери иштебей келген мамлекеттик институттун ишин жандантууга белсене киришип, жол-жоболорун иштеп чыгууга салымын кошту. Ал кишиге да ыраазычылыгымды билдирем", - деп жазган өз билдирүүсүндө президент Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий