• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Жапаров: Казакстанга суу беребиз, өзүбүзгө да жетет

Президент 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. "Казакстанга суу беребиз, өзүбүзгө да жетет", - деп билдирди президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кеңири маегинде.

"Коңшу Казакстанга суу беребизби? Берсек, кандай шарттарда? Өзүбүзгө жетпей калбайбы?", - деген суроого президент эл аралык нормалардын жана келишимдин негизинде суу беребиз деп жооп берди.

Садыр Жапаров ошондой эле быйыл Токтогул суу сактагычында суу тартыштыгы болбой тургандыгын кошумчалады.

"Бүт өлкө боюнча суу насосторун жаңылап бердик. Арыктарын тазалоо үчүн 1 миллиард акча бөлүп бердик. Токтогул суу сактагычында былтыркыга караганда быйыл суу көбүрөөк топтолот деп турабыз. Божомолубуз 13 миллиарддан ашык куб суу болот", - деди мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий