• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жапаров казинону ар бир облуска ачууну колдойт

Президент 0

Бишкек, 27.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаров КТРК телеканалына берген маегинде казинону ар бир облуска ачуу сунушун бергенин айтып өттү.

Анын айтымында, Кыргызстанда казино 2015-жылга чейин иштеп, кыргызстандын ар бир жараны ойногонго укугу бар эле.

“Казино маселесин депутаттар демилге көтөрүп киргизиптир, мен аны колдойм. Туура эле болду. Ысык-Көл жана Баткенде болсун деп эки жерде эле көрсөтүптүр. Бишкекте жана облустардын борборунда кумаркана ачуу боюнча депутаттарга сунуш киргизгиле деп аппаратка айттым”, - дейт ал.

Жапаров казиного Кыргызстандын жараны кирбей турганы мыйзамга жазыларын белгиледи.

“Чет өлкөлүктөр, туристтер үчүн гана ачылат. Экономиканы өзүңүздөр көрүп турасыздар, "итке минип калган". Биз ар кандай жолдорду издеп, бюджетти толтурушубуз керек. Бюджетти толтура албасак, анда айлык акы, пенсия, жөлөк пулдарды жана сырткы карызды төлөй албайбыз”, - дейт мамлекет башчысы.

Өлкө башчы казино кыргызстандык бирөөнү киргизип салса, лицензиясы кайтарылып алынарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий