• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Жапаров: "Кыргызстандыктар өз жеринде кор болбой жашаса дейм"

Президент 0

Бишкек 27.07.22. /Кабар/. Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

"Эл кызматында 500 күн" макаласынан үзүндү келтиребиз;

"Баткен Кыргызстандын жүрөгү"

"Көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселеси чындыгында ар бир бийлик үчүн татаал чечимдерди кабыл алууга аргасыз кылат. Ушул жылы Тажикстан менен чектешкен Баткен облусундагы адам өмүрү менен коштолгон чыр кайгылуу окуя болду.

Чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек аранын юридикалык тариздөөнүн аяктабагандыгы, айрым участкалар боюнча сүйлөшүү процессиндеги татаалдыктар, Кыргызстанга стратегиялык транспорттук инфраструктуранын коңшу өлкөлөрдүн аймактары аркылуу өтүшү – республиканын аймактык бүтүндүгүнө тикелей коркунуч болгону чындык.

Баткен Кыргызстандын акыркы чеги эмес, өлкөнүн дарбазасы. Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен облусуна азыр өзгөчө көңүл бурулуп жатат:

  • Жабыр тарткан аймак 3 айдын ичинде калыбына келтирилди.
  • Баткенге биринчи жолу стратегиялык чек катары мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулду.
  • Облуска өзгөчө статус берилди.
  • Өнүктүрүү программасы кабыл алынып, 500 млн сом жыл сайын бөлүнмөй болду.
  • 62 чек арага чектеш айылдардын туруктуу тургундары үчүн жеңилдиктер каралып, 2022-жылдын 1-мартынан тартып пособие алуучулардын үй-бүлөлөрүнүн ар бир баласына 1000 сомдон “Үй-бүлөгө көмөк” компенсация төлөнүп бериле баштады.
  • 2022-жылдын 1-мартынан тартып Баткен облусунун өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында туруктуу жашаган жарандардын пенсияларына 2000 сомдон ай сайын төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр берилүүдө.

Президенттик шайлоого аттанганда биринчи үгүт иштерин Исхак Раззаковдун жери – Баткенден баштаган болчумун. Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атадым.

"Баткен окуялары мамлекеттин коргоо жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрүү зарылдыгын ачыктады"

Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн каражатыбызга ок өтпөс машиналар, тик учак, пилотсуз учактар, аскер техникалары сатылып алынды. Булар менен бирге бир катар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлыктары жогорулады.

Улук офицерлер мурда 25 миң сомдун тегерегинде айлык алса, айлыктары көтөрүлгөндөн кийин 37-40 миң сомдун тегерегинде алып калышты.

«Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы №113 Жарлыгы менен бекитилген.
1) өзгөчө салык режими;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө инвестициялык режим;
3) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тизмекке ылайык калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим.

Пикир

Оставить комментарий