• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жапаров Мырза-Аке жатак мектебине жетим балдар үчүн 1 миллион сом берди

Президент 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Аке жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебине 1 миллион сом берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Бишкек шаарында 4-5-майда өткөн футбол боюнча «Мурас» достук мелдешинде президенттин администрациясы командасы жеңишке жетишкен. Мамлекет башчысы ошол учурда турнирдин байге фонду кайрымдуулук максатына багытталарын жарыялаган.

Маалымат үчүн: Жатак мектептин имараты 1988-жылы курулган, анын сыйымдуулугу 200 орундуу. Азыркы учурда жатак мектепте 181 тарбиялануучу билим алууда.

Пикир

Оставить комментарий