• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент Жапаров Түрк инвестициялык фондун Бишкекте жайгаштырууну сунуштады

Президент 0

Бишкек, 12.11.21./Кабар/. «Түрк инвестициялык фондун Кыргызстанга жайгаштыруу Түрк кеңешинин миссиясына толугу менен жооп берет», - деп белгиледи бүгүн, 12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) 8-Саммитинде сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин уюму саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, социалдык-гуманитардык маселелерди талкуулоо менен бирге, өз ара карым-катнашыбызды жана байланыштарыбызды, көп тараптуу мамилелерибизди өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык аренада мыкты платформа болуп берет деген ишенимин билдирди.

«Азыркы экономикалык каатчылыктан бири-бирибизге жөлөк болуп, бир-бирибизге колдоо көрсөтүү аркылуу гана чыгып кетерибизге ишеничибиз чоң.

Бүгүн биздин колдоого алына турган “Түрк инвестициялык фонду” өз ара экономикалык мамилелерибиздин реалдуу инструментине айланып, эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун механизми катары чоң ролду ойнойт.

Биздин мамлекетте түрк уюмдарынын жоктугун эске алып, бул финансылык институтту - Түрк инвестициялык фондун Бишкек шаарында жайгаштырууну ылайык көрөбүз», - деди ал.
Мамлекет башчысы белгилегендей, фондду Кыргызстандын борборунда жайгаштыруунун финансылык гана эмес, саясий да мааниси бар.

«Кыргызстан - Түрк кеңешинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал эми, биздин Кеңешибиздин негизги документтеринде тең укуктуулукту сактоого жана урматтоого чоң маани берилген», - деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий