• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жапаров Тарых музейине Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасын өткөрүп берди

Президент 0

Бишкек, 15.12.21..Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15- декабрда, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылындагы мамлекеттик кабыл алуу учурунда Кыргыз мамлекеттик тарых музейине чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасын өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды.

Президент Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин директоруна Жусуп Абдрахмановдун туугандары ага берген чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасын өткөрүп берди.

Садыр Жапаров кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн биринин күндөлүгү Тарых музейинин баалуу экспонаттарынын катарына киргенин белгиледи. «XX кылымдагы жалпы улуттук тагдырыбыздын ары кызыктуу, ары драмалуу барактарын чагылдырган эң маанилүү саясий документтердин биринен саналган бул кол жазманы бүгүнтөн тарта мамлекеттик өзгөчө коргоодогу улуттук таберик деп жарыялаймын!», — деди ал.

Мындан тышкары, президент музейге «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшырды.

Эске салсак, 2021-жылдын 31-августунда президент Садыр Жапаров мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу (каза болгондон кийин) жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда туулган. Ал кыргыздын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз АССРнин Элдик Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы болгон. 1924-жылы анын жетекчилигинде азыркы Кыргызстандын чек аралары биротоло аныкталган. Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган инсандардын бири.

Пикир

Оставить комментарий