• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Жапаров Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өткөн Владислав Шуликого 500 миң сом бөлдү

Президент 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, кыргызстандык суучул, спорт чебери Владислав Шулико менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жылуу баарлашуу жүрүшүндө мамлекет башчысы Ысык-Көлдү узунунан 181 чакырым сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон Владислав Шуликонун эрдигин дагы бир жолу белгиледи. Ал бул сүзүп өтүү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына белек болгонун белгиледи.

Аны менен катар президент Владислав Шуликонун жетишкендиги жөнүндө Гиннестин рекорддор китебине билдирме берүү үчүн каражаттын жетишсиздигине байланыштуу кыйынчылыктардан кабардар экенин билдирди.

Садыр Жапаров мамлекет өз тарабынан активдүү жаштарды колдоого алып жана спорттук жетишкендиктерге дем берүүгө милдеттүү экенин белгиледи. Буга байланыштуу президент өзүнүн фондунан Владислав Шуликого 500 миң сом бөлдү.

Өз кезегинде, суучул Владислав Шулико мамлекет башчысына моралдык жана материалдык колдоосу үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий