• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жапаров ЖӨБ органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын Республикалык кеңешмесинде сөз сүйлөдү

Президент 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октбярда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде сөз сүйлөдү.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү.

Белгилей кетсек, Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүүдө.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчысынын региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө.

Жыйында региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий