• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жапаровду Өзбекстанга коштоп кеткендердин тизмеси

Президент 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, мамлекет башчысын төмөнкү делегациянын курамы коштоп кетти:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев;

— Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов;

— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;

— энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев;

— Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев;

— Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев;

— Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашымбаев;

— Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев;

— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев.

Пикир

Оставить комментарий