• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент Жапаровдун Глазго шаарына болгон жумушчу сапары аяктады

Президент 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын Глазго шаарына 1-2-ноябрь күндөрү болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнө лидерлеринин саммитинин ачылышына катышып, климаттын өзгөрүүсү боюнча кайрылуу жасады.

Садыр Жапаров Саммиттин аянтчасында бир катар өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү: Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Армениянын президенти Армен Саркисян, Канаданын премьер-министри Джастин Трюдо, Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Француз Республикасынын президенти Эммануэль Макрон, Кувейттин шейхи Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах жана Шри-Ланканын президенти Готабай Ражапакс жана Япониянын премьер-министри Фумио Кисида.

Ошондой эле, эл аралык каржы мекемелеринин жетекчилери: Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Джассир, Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одил Рено-Бассо жана Жашыл климаттык фондунун аткаруучу директору Янник Глемарик менен жолугушууларды өткөрдү.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери жана делегация башчылары үчүн Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын үй-бүлөсү тарабынан кабыл алуу болду.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Facebook (Meta) компаниясынын глобалдык туруктуулук боюнча директору Эдвард Палмиер менен жолугушту, андан соң аталган ири социалдык тармактын павильонунда кыргызстандыктарга түз эфирде кайрылуу жасады. Президент Садыр Жапаров иш сапары аяктаган соң, 3-ноябрда эртең менен Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий