• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жапаровдун үй-бүлөсү Бишкектеги өз үйүн «МИК» ААКсына өткөрүп берди

Президент 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү бүгүн, 30-сентябрда, мурда мамлекет башчысы өзү жашаган Бишкек шаарындагы үйүн кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Садыр Жапаров өткөрүлүп жаткан турак жайдын документтерин жеке өзү тапшырып жана «МИК» ААК башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага аталган кыймылсыз мүлктү көрсөтүп берди.

Президенттин айтымында, бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы эле сатып алышкан. Кийинчерээк, 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, үй ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген.

Мамлекет башчысы бүгүнкү иш-чаранын максаты – жеке турак жай рыногун жакшыртуу, муну менен «МИК» ААКсына «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоосуна жардам берүү.

Садыр Жапаров жаңы ипотекалык программа ишке киргенин, анын аркасында бюджеттик тармактын кызматкерлерине даяр турак жайды сатып алууга насыя жылына 4 % чен менен берилерин эске салды.

Мындан сырткары, башка категориядагы жарандарда дагы бул программа боюнча, буга чейин талап кылынгандай сатып алып аткан кыймылсыз мүлктүн негизги суммасынын 30% баштапкы төлөмүн төлөбөстөн даяр турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк бар.

Учурда «МИК» ААКсы банктар аркылуу иш алып барарын эске алганда, программа катышуучусу сатып алып жаткан кыймылсыз мүлктүн наркынын 10%дан кем эмесин төлөшү керек деген шарт бар. Келечекте баштапкы төлөмү жок жана ижарага алган турак жайды кийинчерээк сатып алууну караган механизмдер киргизилет. Программаны ишке ашырууну каржылоо жана акыркы пайыздык ченин төмөндөтүү максатында, Мамлекеттик ипотекалык компанияны 5 млрд сомдон ашуун суммага капиталдаштыруу жүрдү.

«Муну менен биз колунда бар, мүмкүнчүлүгү болгон кыргызстандыктарды колдоого чындап муктаж болгондорго жардам берүүгө чакыргыбыз келди. Көп адамдар үй сатып алуу үчүн чет өлкөгө иштегени кетип жатканы баарына маалым. Ошондуктан, шарттарды жеңилдетип, бардык жарандар үчүн иштеген ишине карабастан жеткиликтүү кылуу максатында ипотекалык насыя берүү программасын өзгөртүү чечими кабыл алынды», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент "МИК" ААКсы бул турак үйдү аукционго койсо, анда бул акчага жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасынын алкагында 10 үй-бүлөнү батир менен камсыз кылууга мүмкүн болорун айтты.

Мындан сырткары, мамлекет башчысы жарандардан келип түшкөн акчалай же кыймылсыз мүлк түрүндөгү бардык жардамдар мамлекеттин көзөмөлүндө экенине жана бул маселе максималдуу ачык-айкын болоруна токтолду. Ошондой эле, коррупция үчүн соттолгондордон конфискацияланган кыймылсыз мүлк - турак жайлар да "ГИК" ААКсынын балансына которулат.

Өз кезегинде, "ГИК" ААК төрайымы Аида Төлөгөнова ипотекалык программага көрсөткөн колдоосу үчүн президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: "Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Жаңы турак жай программасына катышкан жарандар төмөнкү багыттар боюнча ипотекага ээ боло алышат:

- "Жеңилдетилген ипотека" - 4% (мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине);

- "Жеткиликтүү ипотека" 8% (жарандардын башка категориялары үчүн).

Пикир

Оставить комментарий