• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Жапаровдун Казакстанга иш сапары. Маанилүү жолугушуулар

Аналитика 0

Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында КР президенти Садыр Жапаров кечээ бир катар таанышуу жолугушууларды өткөрдү. Анда түпкү маңызы – Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара мамилелерди жана тыкыз кызматташтыкты бекемдөө болгон ар кандай маселелер талкууланды.

Нет описания.

Атап айтканда, С.Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Тараптар өлкөлөр аралык эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн мындан аркы жолдору тууралуу пикир алмашышты. Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун келишин кубаттап, өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстандын эли ага чоң ишеним артканын баса белгилеп, эл үчүн жаркын келечек куруу жолунда ийгиликтерди каалады. Ал ошондой эле Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан менен Кыргызстан президенттеринин ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугуна токтолду.

Президент Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин салмактуу ички жана тышкы саясатынын натыйжасында Казакстан эл аралык аренада алдыңкы орундарды ээлеп тургандыгын айтып, ага чоң кадыр-баркка ээ мамлекеттик ишмер катары урматтоосун билдирди.

Кыргызстан эли оор мезгилдерде Казакстан тарап туруктуу көрсөтүп келген жардамды эч качан унутпасын баса белгиледи. Садыр Жапаров мындай тили жана каада-салты окшош элдердин ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керектигин өзгөчө белгилеп, биргелешип өнүгүүгө даяр экендигин айтты. Ал инвесторлордун, анын ичинде Казакстандан келген инвесторлордун укуктарын коргоого толук кепилдик бере тургандыгын кошумчалады.

“Казакстан Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө жана олуттуу сатуу рыногуна ээ болгон түздөн-түз коңшу экендиги жагынан абдан маанилүү. Ошондой эле Казакстан аркылуу Кыргызстан ЕАЭБ линиясы боюнча Россия Федерациясы менен да биригет. Ушул аянтча өлкөлөрдү жылдан жылга жакындатышы керек. Аталган иш сапар эки мамлекет тең тыгыз байланышты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин көрсөттү. Барынан мурда эки өлкөнүн экономикасына дем берүүчү жаңы ыкмаларды табуу керек. COVID-19 пандемиясы көп өлкөлөрдүн экономикасына оор сокку урган оор кырдаалда соода жана ишкердик мамилелерде каатчылык кырдаалдан алып чыгуунун мүмкүнчүлүктөрүн табуу зарыл. Ушундай ыкма гана оор абалдан алып чыгат. Кыргызстан дагы, Казакстан дагы учурдагы максаттарды ишке ашыруу, андан тышкары, келечекке жаңы максаттарды коюу үчүн укмуштуу мүмкүнчүлүккө ээ. Интеграция жана аны өнүктүрүү маанилүү. Борбордук Азия аймагындагы бардык өлкөлөр бири-бири менен стратегиялык мамилелерди өнүктүрүүсү керек. Кандай мааниде? Интеграциялык механизмдердеги экономикалык өсүш. Ушундай болгондо гана Борбордук Азиядагы аймак жана ага кирген өлкөлөр жогорку деңгээлге көтөрүлүүгө жөндөмдүү болот”, - деди саясат таануучу Дмитрий Кисурин.

Теманы улай мамлекет башчысы Жапаров Нурсултан Назарбаевдин коопсуздукту камсыздоо, эл аралык интеграция жана борбор-азия аймагында экономикалык өнүктүрүүгө багытталган аракети тарыхта калат деген ишенимин кошумчалай кетүү кажет. Ошондой эле президент анын Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана достук мамилелерди орнотууга кошкон салымын жогору баалады.

“Биз үчүн боордош Казакстанга алгачкы мамлекеттик иш сапар менен келүү чоң сыймык. Биз дагы сиздин колдооңуздун аркасы менен эки өлкөнүн ортосунда калыптанган достук жылуу мамилелерди мындан ары дагы сактоого жана өнүктүрүүгө аракет кылабыз”, - деди ал.

Нет описания.

Андан кийин КР президенти Казакстан парламентинин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолукту.

Мамлекеттер аралык, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлинде мамилелерди активдештирүү тууралуу пикир алмашылды. Казакстан Парламентинин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапары өзгөчө учурда — Кыргызстан менен Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгында өтүп жатканын белгиледи. Ал бул жылдар аралыгында эки өлкөнүн эли жанаша жашап, жаш мамлекеттердин жолундагы бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгышканын, буга кылымдарды карыткан достук жана ынак коңшулук мамилелер себеп болгонун канааттануу менен баса белгиледи.

"Өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай саясий келишпестиктер жок, эки тараптуу мамилелер ырааттуу өнүгүүдө. Мында Кыргызстан менен өз ара алакалардын өзгөчө маанисин ар дайым баса белгилеп келген Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин эмгеги зор. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев дагы эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет", — деп баса белгиледи Нурлан Нигматулин.

Президент Садыр Жапаров боордош Казакстан элин парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктап, бул иш-чараны өлкөнүн ички саясатындагы эң маанилүү окуялардын бири деп атады. Ал шайлоонун жыйынтыгы Казакстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана элдин турмушунун жакшырышына чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.

"Кыргызстан менен Казакстандын эли илгертен бери туугандык, достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактап келишкен. Биздин элдер ата-бабаларыбыздан бери келаткан каада-салттар менен баалуулуктарды туу тутуп, мындан ары өркүндөтүшү керек деп эсептейм", — деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Ошондой эле Казакстанга иш сапарынын алкагында КР президенти Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту.

Нет описания.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык өз ара байланыштарды кеңейтүү жана күн тартибиндеги башка актуалдуу темалар боюнча пикир алмашышты. Аскар Мамин боордош эки элдин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилеп, өлкөлөрдүн өз ара экономикалык пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

“Экономика жана аны өнүктүрүү Кыргызстандын бардык маанилүү жана стратегиялык союздаштар менен, өзгөчө борбордук-азия аймагындагы өлкөлөр менен өз ара мамилелеринин квинтэссенциясы болуусу керек. Чек аралардын жакындыгы соода алакаларды жана анын мумкүнчүлүктөрүн ачууга олуттуу мумкүнчүлүк ачат. Азырынча ал мүмкүнчүлуктүн жарымы да ачыла элек. Кыргызстан менен Казакстандын, андан кийин Өзбекстан, Тажикстандын ишкерлер чөйрөнүн ортосундагы байланышты активдештирүү зарыл. Ар бир республикада сунуштай турганы же бир нерсеге муктаждыгы болот. Дал ушул нерсе иш сапарлардын, сүйлөшүүлөрдүн негизин - аймактагы өлкөлөрдүн экономикасын көтөрүү үчүн ишкер байланыштарды түзүшү керек”, - деди саясат таануучу Алан Богосян.

Президент Садыр Жапаров 2020-жылда коронавирус пандемиясы маалында Казакстан мамлекети бизге биринчилерден болуп кол сунуп, чоң колдоо көрсөтүп, эмгек мигранттарынын Мекенине кайтып келүүсүнө "жашыл коридорлорду" түзүп бергендиги үчүн Казакстандын Өкмөтүнө кыргыз элинин атынан ыраазычылыгын билдиргенин кошумчалай кетүү абзел.

Мамлекет башчысы Казакстандын жогорку жетекчилиги эки элдин ортосундагы биримдикти жана тыгыз карым-катнашты чыңдоого зор салым кошуп жаткандыгын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын Казакстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын жана кызыкдар экенин билдирди.

Бир канча ирет белгиленгендей соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүк мааниге ээ. Кыргызстан жана Казакстан мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жетишүү үчүн бардык күчүн жумшоосу кажет. Анын үстүнө, эки өлкө тең ЕАЭБдин курамына кирет жана ушул биримдиктин алкагында эки өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча ишти күчөтүү керек.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапарын жемиштүү болду деп эсептесе болорун айтсак болот. Коңшу өлкөнүн негизги жетекчилери менен жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлдү. Бул сапар Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы буга чейинки туруктуу мамилелерди өнүктүрүүдө кошумча секирик болот.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий