• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды – сүрөт

Президент 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 28-29-июнь күндөрүндө расмий сапар менен Тажикстан Республикасында болду.

Мамлекет башчысы Душанбе шаарындагы «Дусти» («Достук») аянтына барып, тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду.

Расмий сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик кызматташтыгы боюнча маселелердин кеңири чөйрөсүн кылдаттык менен талкуулашты. Тет-а-тет форматындагы жана кеңейтилген форматтагы жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар саясий диалогду мындан ары бекемдөө маселелери боюнча пикир алмашып, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоого өзгөчө көңүл бөлүштү.

Тараптар бардык чек ара маселелерин чечүү боюнча мындан аркы кадамдарын белгилешип, Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссияга кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын аныктоо иштерин активдештирүүнү, анын ичинде чек ара автожолдорун куруу жана пайдалануу маселелери боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууну тапшырышты.

Ошондой эле өлкө лидерлери чек ара аймактарындагы коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтыкты жана тышкы коркунучтарга каршы күрөшүү жаатында күн тартибинде турган эки тараптуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары КМШ, ЖККУ жана ШКУ сыяктуу региондук бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү, глобалдык институттар менен эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтык маселелерине токтолушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчылары Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Мындан тышкары, эки өлкөнүн расмий делегация мүчөлөрү ар кыл чөйрөдө кыргыз-тажик кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Тажикстанга болгон расмий сапарын жыйынтыктап, Бишкекке келди.

Пикир

Оставить комментарий