• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент жарандарды айына 50 сом аябастан, турак-жайларын камсыздандырууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 30-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев айына 50 сомдон аябастан, турак жайларды камсыздандырууга чакырды. Бул тууралуу ал ӨКМ кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшыруу салтанатында билдирди.

Мамлекет башчы өз сөзүндө ар кандай министрликтердин кызматкерлерине үй берүү көбөйүп жатканына кубанганын айтты. “Акыркы үч жылда бул салтка айланды. Кудайга жана элибизге ырахмат”, - деди Атамбаев.

Кыргызстандын башчысы климаттын өзгөрүүсү маселесин, ар кандай өзгөчө кырдаалдарга алып келип жатканын белгиледи.

“Климат өзгөрүп жатат, өзгөрүүлөр болуп, селдер жана жер көчкүлөр көбөйүп жатканын көрүп жатабыз. Тоолуу өлкө болгондон кийин, көчкү, суу болгондон соң сел болот. Мен таң калам, эки жылдан бери турак жайды камсыздандыруу мыйзамыбыз бар. Айына 50 сом төлөп, кокус бир нерсе болсо, жарым миллион алып, жаңы үй куруп алууга болот. Чылым жана арак кымбат турат”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын “Тунгуч” кичи районунда ӨКМ кызматкерлери үчүн үч үй курулган. Буга республикалык бюджеттен 261 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан 162 батир болсо, анын 36сы – 3, 54ү – 2 жана 72си 1 бөлмөлүү.

Пикир

Оставить комментарий