• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент жарандарды маданий объекттерге жана жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды

Президент 0


Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы эс алуу багынын ачылышында жергиликтүү тургундар менен эс алуучуларды маданий объектилерге жана айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырды.

Президенттин демигеси менен курулган парк күн мурун ачылып, колдонууга берилди.

Эс алуу жана сейилдөө үчүн жерди уюштурууну мамлекет башчысы демилгелеп, бул максатта № 2 Мамлекеттик резиденциясынын аймагын бөлүп берген.

Парктын жалпы аянты 16 гектарды түзөт, анын аймагында: амфитеатр, веложол, көпүрөлөр, фонтан, жасалма арал жайгашкан. Парк Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

Президент өз сөзүндө бул парк шаар тургундары жана туристтер үчүн фестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды жыл бою өткөрө турган жагымдуу жайга айланат, деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров парк жарым жылдай убакыттын ичинде курулганын жана бул долбоор курулушка туура мамиле кылуу менен мындай объектилерди ачууга болорун дагы бир жолу далилдеп жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы инвесторлорду колдоо, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, өзгөчө өлкөнүн жыргалчылыгы жана өнүгүүсү үчүн бир нерсе курууну каалаган ата мекендик инвесторлорго жардам берүү керектигине өзгөчө басым жасады.

Президент Чолпон-Ата шаарынын аксакалдарына кайрылып, өсүп келе жаткан муунду өздөрүнүн жана Кыргызстандын келечеги жөнүндө ойлонушу үчүн мекенчилдикке тарбиялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга байланыштуу ал туристтик сезондун алдында айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого, өлкөнүн коноктору арасында туристтик объектилердин жагымдуулугун арттыруу үчүн инфраструктурага аяр мамиле кылууга чакырды. Анткени бул туризм тармагынын ийгилигинин негизги факторлорунун бири. Кыргызстанда кооз жерлер көп, андыктан башкалар биз жөнүндө таанып-билип жана бул кооздукка ынануусу маанилүү. Ал эми бул жерде жергиликтүү бийликтин гана эмес, аймактын тургундарынын өздөрүнүн да жасаган мамилеси маанилүү.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилеринин көңүлүн бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга жана максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө дагы бир жолу бурду.

Пикир

Оставить комментарий