• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: Жаштарды колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири

Президент 0

Бишкек, 10.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-ноябрда, өлкө жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

«Урматтуу жаштар! Кымбаттуу достор!

Сиздерди Жаштар күнү менен куттуктайм!

Жаштар — коомубузду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы.

Кыргызстандын жаштары — активдүү, илим-билимге жакын, жаңылыктарды жаратууга дилгир муун катары жетилип келатат.

Сиздер спорт, маданият, билим алуу чөйрөлөрүндө жеңиштерге жетип, эл аралык аренада Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, өлкөбүздүн кадыр-баркын өстүрүп келесиздер.

Жаш мекендештерибиз Кыргызстандын экономикасын, социалдык чөйрөсүн колдоо жана аймактарды өнүктүрүүгө чоң салым кошууда.

Дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайларда билим алып, мыкты адистикке ээ болуп, өлкөбүздүн бардык тармактарында, эл аралык ири компанияларда ийгиликтүү иштеп жаткан жаштарыбыз көбөйүүдө.

Жаштарды колдоо, аларга ишеним артуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Жаштардан жаӊы идеяларды күтөбүз, инновациялык долбоорлорду колдойбуз, жаш кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасын улантабыз. Майрамыңыздар менен, ардактуу достор!

Сиздерге бекем ден-соолук, бактылуу өмүр, ийгилик, келечектеги жеңиштерди каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий