• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлор жөнүндө

Президент 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлорго токтолду.

Мамлекет башчысы аймактарда көп иштеп келгенин, ал жактагы кыйынчылыктардын баарын жакшы билерин, аймактарда ыңгайлуу жашоо үчүн шарттарын жана жумуш орундарын түзүүгө жергиликтүү бийликтин каражаты да, мүмкүнчүлүгү да жок экенин, андыктан жергиликтүү тургундар өлкөнүн чоң шаарлары менен облус борборлоруна, ошондой эле чет өлкөлөргө чыгып кетип жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турганда Өкмөт тарабынан программа кабыл алынып, жыйырма шаардын тегерегинде өнөр жай ишканаларын куруу, ошол жерде өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетип, экспортко алып чыгуу үчүн жыйырма таяныч шаар пилоттук деп аныкталган. Анда Бишкек, Ош шаарындагыдай, жарандар жашаган жеринде эле иштегендей турмуштук шарттарды түзүү каралган.

«Биз дайыма калкыбыздын 70%ы айыл жеринде жашайт деп айтып келебиз. Бирок чындап келгенде, айылдардан көбү кетти. Ошол айылдардан чыгып кеткен элди кайра кайтаруу, эми баарын кайтара албасак дагы азыркы өсүп келе жаткан муунга, биздин балдарыбызга ошол жерде жумуш орундарын түзүшүбүз керек. Ал үчүн эмне кылыш керек? Ал үчүн мамлекетте болгон каражаттарды ошол жактарга буруу керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттеги болгон мүмкүнчүлүктөрү — бюджет, иштеп жаткан Россия-Кыргыз фонду сыяктуу фонддор, ошондой эле сырттан тартылган каражаттар аймактарга багытталат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Кийинки маанилүү долбоор — 2024-жылга чейин бардык аймактардагы 822 айылды таза суу менен камсыздоо. Долбоорду каржылоо 33 млрд сом гранттык негизде жана узак мөөнөттүү насыялык каражаттар менен ишке ашырылат.

«Калкыбыздын 60%ы таза сууга муктаж. Таза суу — бул ден соолук, балдардын келечеги. Таза суу болбосо, калктын ден соолугу бекем болбойт, оорулуулар көп болот. Таза суу бар жерде оору да аз болот. Баары тең суу менен, тамак-аш менен байланышкан. Калкты таза суу менен камсыз кылуу президенттик шайлоодо берген негизги убадаларымдын бири», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Дагы бир масштабдуу долбоор — ирригация тутумдарын жакшыртуу, ага байланыштуу 2026-жылга чейин программа кабыл алынган. Ал үч этап менен ишке ашырылат. Эки этабы Жээнбековдун президенттик мөөнөтүндө ишке ашат.

2024-жылга чейин 31 суу чарба объектисин пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Мунун натыйжасында 27 миң гектар жаңы сугат жерлер өздөштүрүлөт. 46 миң гектар жердин суу менен камсыздоосу жакшырат. Бул жылы 1700 гектар жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү мерчемделген.

Өлкөдөгү ирригациялык долбоорлордун бири Баткен облусунун Лейлек районундагы «Максат» дюкер курулушу үстүбүздөгү жылдын күзүндө башталат.

Пикир

Оставить комментарий