• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент Жээнбеков аймактарды жана бизнести өнүктүрүүгө көп көңүл бөлүүдө - Бактыгулов

Коом 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков эки жыл катары менен экономиканы өнүктүрүүдөгү негизги фактор катары аймактарды жана бизнести өнүктүрүүгө көп көңүл бөлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине эксперт Шерадил Бактыгулов президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтө турган "Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог" конференциясы тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, президент буга чейин бул аймактарды өнүктүрүү үчүн негиз салуу максатында жасалып жатканын айткан.

"Биз өнүгүүнүн негизин түптөп жатканыбыз так айтылган. Ага жараша, Кыргызстандын тарыхында алгач ирет, экинчи жыл катары менен Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланып жатат. Бир аянтчада бизнес уюмдар, жарандык сектор жана мамлекеттик органдар чогулуп жатканы жакшы көрсөткүч", - деди ал.

Ал, өлкөнүн киреше бөлүгүнүн дээрлик баары өнөр-жай бизнеси, дыйканчылык, туристтик компания, эл аралык ишканалар орун алган аймактардын аркасы менен түзүлөрүн белгиледи.

"Ошондуктан, эгер чынында Кыргызстандын экономикалык жактан күчтүү болушуна кызыктар болсок, биз аймактарды өнүктүрүшүбүз керек. Күчтүү аймак деген - бай аймак. Эл иштегенде гана аймактар бай болот. Мамлекет алар иштеши үчүн шарттарды түзүп берет. Бизнесмендер аларга жүктөлгөн каржы милдеттерди төлөп беришет. Январда өкмөт токтомго кол коюп, бизнес-омбудсмен кызматы түзүлдү. Жаңы жылдан тарта ишкерлерди мамлекеттик органдардын негизсиз текшерүүлөрүнөн коргоо чаралары көрүлүүдө. Бул жакшы көрсөткүчтөр. Шарттар түзүлүп жаткандан кийин бизнес да, ал баарына жол берүү дегенди түшүндүрбөй турганын билиши керек", - деди ал.

Бактыгуловдун көз карашы боюнча, мындай аянтча социалдык тармактын жана бизнестин тигил же бул тармагынын өнүгүү багытын көрүүгө жана көрсөткүчтөрдү жакшыртууга жардам берет.

"Биз салттуу тармактар, экономиканын калыптанып калган түзүмү бар экенин түшүнөбүз. Бирок аны кантип жакшыртып, болгон мүмкүнчүлүктөрдү кантип пайдалануу керектигин сөз кылган талкуу болгон эмес. Маселен, Кыргызстан ВСП+ жеңилдиктери менен пайдалана алат, ЕАЭБ алкагындагы техникалык регламент жана стандарттар бар, Кытайга айыл-чарба продукцияларын алып кирүү жана алуу боюнча келишим бар. Бирок, биз азыркыга чейин ал мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана элекпиз", - дейт эксперт.

Эксперт, аймактардагы бизнести өнүктүрүү үчүн Европа жана ЕАЭБ өлкөлөрү кабыл алган эл аралык стандарттарды киргизүү керектигин айтат.

"Эл аралык стандарттарды киргизип жана айыл чарба кооперативдерин ирилештирүү менен продукцияларды бир гана Казакстан, Россияга эмес Кытай, чыгыш араб өлкөлөрүнө, Европа биримдигине өткөрө алабыз. Ошон үчүн продуктылардын сапатын жогорулатуу менен элдин турмушун жакшырта алабыз. Бул багытта иштер жүрүп жатат", - деди ал.

Ошондой эле ал билдиргендей, конференция бизнеске экономиканы өнүктүрүү үчүн кеңештерин айтып, социалдык тармактагы маселелерди чечүүгө көмөк кыла алат.

"Бул конференция ырас өткөрүлүп жатат. Биз, бир сезондо эмес жыл сайын сапаттуу, сертификатталган продукцияны өткөрүп турууга жетишүү үчүн кандай чараларды көрөрүбүздү пландашыбыз зарыл", - деди эксперт.

Пикир

Оставить комментарий