• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Жээнбеков айыл чарба министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-мартта, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөдө, анын ичинде өзгөчө абал киргизилген аймактарда жазгы талаа жумуштарын өткөрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча азыркы кырдаал талкууланды.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылуусу жана анын макроэкономикалык кырдаалга таасири шартында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоого өзгөчө көңүл бөлүнүшү керектигин билдирди.

Азык-түлүк коопсуздугу өлкөнүн улуттук коопсуздугунун маанилүү бир бөлүгү болуп саналаарын баса белгиледи.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык аймактарында жазгы талаа жумуштарын өз маалында жана үзгүлтүксүз өткөрүүнү камсыз кылуу зарылдыгына токтолду. Өзгөчө абал киргизилген райондорго бөтөнчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба тармагында азыркы кырдаалга байланыштуу жаралып жаткан маселелерди чечиш үчүн ишке тартылган мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин өз ара комплекстүү кызматташуусун күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бүгүнкү күндө бир катар региондордо белгилүү бир товар түрлөрүнө суроо-талап жогору болуп жатканын маалымдады.

Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык кырдаалына болгон кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча республикалык штаб менен өз ара кызматташа, калкты негизги товарлар менен жетиштүү өлчөмдө үзгүлтүксүз камсыздоо жана алардын бааларынын жогорулашына жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Ошону менен катар ал өзгөчө абал киргизилген Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана аталган райондордун акимдери менен биргеликте жазгы талаа жумуштарын талаптагыдай өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча ыкчам чаралар көрүлүп жатканын, айыл чарба техникаларынын жүрүүсү жана жер семирткичтерди ташып жеткирүү маселелери чечилип жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий