• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жээнбеков Багдад Амреев менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

ТТМКК Башкы катчысы Багдад Амреев Кыргызстандын Түрк кеңешиндеги төрагалыгынын жыйынтыктары, Катчылыктын 2019-жылдын 14-15-октябрында Азербайжанда өтө турчу ТТМКК Саммитине даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ТТМККны түзүү жөнүндө Нахичеван макулдашуусуна кол коюлгандыгынын 10 жылдыгы бүгүн экенин жана дал ушул күнү жолугушуунун символикалуулугун баса белгиледи.

Багдад Амреев Кыргызстандын төрагалыгы ТТМККнын тарыхында эң ийгиликтүү болгонун белгиледи. Кыргыз Республикасынын төрагалыгы мезгилинде Венгрия байкоочу статусуна ээ болуп, Өзбекстан Уюмдун толук укуктуу мүчөсү болду. Ошол эле учурда Венгриянын борбору Будапештте Түрк кеңешинин Европалык Өкүлчүлүгү ачылды.

Мындан тышкары, Түрк кеңеши түзүлгөндөн кийинки 10 жыл аралыгында 55 иш чара, анын ичинен 15и — Кыргыз Республикасынын төрагалыгында өткөндүгүн белгиледи.

Багдад Амреев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин азыркы Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен Катчылык экономикалык тармакта институционалдаштыруу кызматташтыгы боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатканына көнүл бурду.

Анын ичинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Түрк инвестициялык-интеграциялык Фондунун концепциясы бекитилип, документтердин акыркы долбоору иштелүүдө.

Түрк кеңеши түзүлгөндөн бери биринчи жолу биргелешкен Түрк Соода өнөр-жай палатасы түзүлгөн, 2019-жылдын июлунда Стамбул шаарында кеңсеси ачылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк кеңешине Өзбекстандын мүчөлүгү, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Будапешт шаарында Түрк кеңешинин Европалык өкүлчүлүгүнүн ачылышы тарыхый мааниге ээ экендигин белгиледи.

Өзбекстандын катышуусу Түрк кеңешинин ишмердигине жаңы дем берип, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдей турганы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий