• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент Жээнбеков Бакуга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Президент 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, эки күндүк иш сапары менен Баку шаарына (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуу үчүн учуп кетти.

ТТМККнын кезектеги жыйынында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланат.

Эске салсак, ТТМККда төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Азербайжан Республикасына өтөт. Президент Сооронбай Жээнбековдун ТТМКК жыйынына катышуусунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, экономика министри Санжар Муканбетов, финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана маданият, маалымат, туризм министри Азамат Жаманкулов.

Пикир

Оставить комментарий