• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Президент Жээнбеков: Бул күрөштө биз жалгыз эмеспиз

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. «Бул күрөштө биз жалгыз эмеспиз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы башка өлкөлөрдөгүдөй резервде «коопсуздук жаздыгы» болбогондуктан, эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр активдүү жүргүзүлүп жаткандыгын, жардамдар келе баштаганын белгиледи.

«Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму, Араб мамлекеттеринин фонддору колдоо көрсөтүп жатышат. Россия чыныгы союздаш мамлекет экенин дагы бир ирет далилдеди. Кыйын кырдаалдын алгачкы күндөрү аба майданы ачык бойдон турду. Биз алардан каржылык жардам жана ооруну аныктоочу тест каражаттарын алып жатабыз. Коңшу Кытай Эл Республикасы жигердүү колдоосун көрсөтүүдө. Боордош Өзбекстан жана Казакстан тарабынан бизге олуттуу кол кабыш болду. Түркия, Япония жана Корея мамлекеттери өздөрүнүн жардамын беришти», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана өлкөнүн бардык өнөктөштөрүнө терең ыраазылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий