• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жээнбеков ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда, бул кызматта иштеп баштагандан бери Кыргызстанга өзүнүн алгачкы расмий визити менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы Михаил Мясниковичти ЕЭК коллегиясынын төрагалык кызматына киришкендиги менен куттуктап, Комиссия анын жетекчилиги астында ЕАЭБдин тандап алган экономикалык багытын улантарына, евразиялык интеграцияны мындан ары да тереңдетүүгө алгылыктуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

ЕАЭБ Кыргызстандын тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берерин баса белгиледи.

Биримдиктеги өлкөлөр менен мындан ары да натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууга, ошондой эле евразиялык аймакта интеграциялык процесстерди кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Михаил Мясниковичке жакынкы келечекке белгилеген пландарын ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жолугушуу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.

Тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү ырааттуу жоюу жана ошондой эле Биримдиктин алкагында соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча Комиссиянын артыкчылыктуу милдеттери жөнүндө айтып берди.

ЕАЭБке карата үчүнчү өлкөлөрдүн кызыгуусу артып жатканын белгиледи. Михаил Мясникович бул кызматта ЕАЭБке мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен ишмердүүлүгүн жүргүзөрүнө ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий