• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жээнбеков Эмил Осмонбетовду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-октябрда КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда өлкөнүн тоо-кен тармагын, өнөр жай жана энергетиканы мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы жер казынасын пайдаланууда, бул тармактагы лицензиялоо жана нормативдик-укуктук базаны чыңдоодо ачык-айкын, таза процедураларды өткөрүүнүн маанисин белгиледи.

Ал жер казынасын пайдалануу тармагы жумушчу орундарды түзгөн, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшырткан өлкөнүн экономикасынын эң маанилүү бюджет жаратуучу секторлорунун бири экенин белгиледи.

«Албетте, мамлекет инвесторлордун укуктарын коргошу керек, бирок, ошол эле учурда калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, жер казынасын пайдаланууга болгон сынактардын жана аукциондордун ачыктыгын камсыздоо жолу менен жер-жерлерде социалдык нааразычылыктардын алдын алса болот», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Президент өзгөчө көңүлдү өсүү точкалары катары аныкталган шаарларды эске алуу менен аймактарда өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү зарылдыгына бурду.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов республиканын өнөр жай жана энергетикалык тармагын өнүктүрүү, ГЭСтердин мындан аркы кубаттуулугун жогорулатуу жана бул тармактардагы укуктук-нормативдик базаларды жакшыртуу боюнча ведомствонун келечек пландары жөнүндө маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий