• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Жээнбеков Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Мамлекет башчылары Курман айт майрамына карата куттуктоо сөздөрүн айтышып, боордош эки элдин аманчылыгын жана бакубатчылыгын тилешти.

Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандыктарга жана Президент Сооронбай Жээнбековго коронавирус инфекциясы пандемиясынан каза болгон жарандарга байланыштуу көңүл айтты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча маселелерди талкуулашты. Режеп Тайип Эрдоган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кийинки кезектеги жыйыны Түркияда боло тургандыгын эске салып, мындан улам кыргыз кесиптеши менен жакында жолугушууга үмүт артарын билдирди.

Президенттер телефон аркылуу сүйлөшүү маалында ошондой эле коронавирус инфекциясын жайылтпоо жаатында биргелешкен чараларды көрүү боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий