• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жээнбеков Ереван шаарында ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышууда

Президент 0

Ереван, 01.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда.

Күн тартибинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өлкөлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүү жана интеграцияны тереңдетүү маселелери турат.

ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталарда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүүсү болду.

Андан кийин жыйын делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда улантылат.

Эске салсак, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия ЕАЭБ мүчөлөрү болуп саналат. ЖЕЭКтин кеңейтилген курамындагы жыйынына ошондой эле Молдова байкоочу, ал эми Иран жана Сингапур чакырылган өлкө катары катышат

Пикир

Оставить комментарий