• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков Европа Бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-мартта, Европа бирлигинин (ЕБ) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр менен жолугушту.

Мамлекет башчысы ЕБ өлкөнү өнүктүрүү боюнча негизги долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү өнөктөш болуп, санарип трансформациясын жылдырууда, билим берүү тармагын реформалоодо колдоо көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Ал коронавирус инфекциясынын ЕБ өлкөлөрүнө жайылып жаткандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, эпидемиялык кырдаалдын тез арада оңолуп кетишине үмүт артаарын айтты.

Ошондой эле бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясынын жайылуусунун кесепетинен Кыргызстандын республикалык бюджетинин чыгымдар бөлүгүндө каржылоонун жетишпей калуу коркунучу пайда болгонун белгиледи. Мындан тышкары, калктын саламаттыгын сактоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана антикризистик чараларды ишке ашырууга байланышкан өзгөчө кырдаалдагы иш-чараларды каржылоо муктаждыгы бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕБге коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепетинен келип чыккан терс көрүнүштөрдү азайтуу үчүн өлкөгө кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

ЕБ Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр бул илдет менен күрөшүүдө Кыргызстанды колдогонун билдирди. Өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу жана зарыл болуп жаткан колдоо жөнүндө маалымат ЕБнын штаб-квартирасына жөнөтүлгөнүн билдирди.

ЕБ тарабынан сөзсүз түрдө Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүүнүн эң оптималдуу жолдору каралып чыгарына ишендирди.

Мындан тышкары, Эдуард Ауэр ЕБ ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аркылуу да коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө акча каражаттарын бөлүп жаткандыгын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий