• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жээнбеков «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын башкы кеңсесине барды

Президент 0


Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-сентябрда «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын башкы кеңсесине барды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Анда «Бишкек-Кант-Токмок» магистралдык газ өткөргүч-буруп кетмени жана «Токмок» газ бөлүштүрүүчү станциясын ишке киргизүү боюнча долбоор менен тааныштырышты жана өлкөнү газдаштыруу пландары тууралуу айтып беришти.

Андан соң онлайн режимде видео-көпүрө аркылуу Мамлекет башчысы «Бишкек-Кант-Токмок» магистралдык газ өткөргүч-буруп кетмени жана «Токмок» газ бөлүштүрүүчү станциясын ишке киргизүүгө катышты.

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жана Чүй облусунун жашоочуларын бул маанилүү окуя менен куттуктап, «Газпром» компаниясынын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө жана энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.

«Газпром» компаниясы Кыргызстанда иштей баштагандан тартып, ал өзүнө алган милдеттенмелерин толук өлчөмдө аткарып жатат. Ата мекендик газ тармагына 25 млрд сом салынды. Социалдык долбоорлор активдүү ишке ашырылып жатат. Учурдан пайдаланып, жасалган иштер үчүн компания жетекчилигине ыраазылык билдирем«, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Токмок шаары өлкөнүн ири өнөр жай борборлорунун бири, ошондуктан анын энергетикалык коопсуздугунун мааниси чоң экенин белгиледи.

»Бул долбоор Чүй облусунун энергетикалык потенциалын жогорулатат жана башка региондорго да газ жеткирүүнүн пайдубалы болот деп ишенебиз«, — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков 2014-жылы өлкөнү газ менен камсыз кылуу 22 пайызды түзсө, 2018-жылдын акырына карата бул көрсөткүч 30 пайызга жетти. 40 миңден ашык үй чарбалары газ менен камсыз болушту.

»Өлкөнү мунай заттары, авиаотун жана жаратылыш газы менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылып жатканы үчүн компанияга ыраазылык билдиргим келет. Кубана турган нерсе, 2030-жылга чейин өлкөнүн 60 пайызын же 400 калк жашаган пункттарды газ менен камсыз кылуу болжолдонууда«, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы „Газпромдун“ инвестициялары ата мекендик экономикага жана экологияны сактоого оң таасир этип жатканын өзгөчө белгиледи.

»Газпром Кыргызстандын« пландары көп экенин билем. Биз бардык макулдашуулар аткарылат деп ишенебиз жана мындан аркы жемиштүү кызматташууга даярбыз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Газпром Кыргызстан» компаниясында белгилешкендей, «Бишкек-Кант-Токмок» магистралдык газ өткөргүч-буруп кетмени жана «Токмок» газ бөлүштүрүүчү станциясын ишке киргизүү Токмок жана Кант шаарларынын керектөөчүлөрүн газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзөт. Ошондой эле Ысык-Көл жана Нарын облустарына газ жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Пикир

Оставить комментарий