• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакты-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылары кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын келечектүү маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу өз ара кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий