• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жээнбеков Япониядагы мекендештери менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында мекендештери менен жолугушту. Жолугушуу Токио шаарында болуп өттү.

Мамлекет башчысы кийин Кыргызстанда колдонуу үчүн Япониянын эң жакшы жактарын үйрөнүүгө умтулган мекендештери менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин канааттануу менен белгиледи.

Президент Япония Кыргызстанга эгемендүүлүк алгандан бери колдоо көрсөтүп келе жатканын, жалпы жардамдын суммасы 1 млрд. АКШ долларынан ашуун каражатты түзгөнүн, япон жардамынын бөлүнгөн каражаттарынын жарымы грант түрүндө болгонун эске салды.

«Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү Япония менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар. Биз дагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайбыз. Мени биздин жаштардын Япониянын алдыңкы технологияларын, япон тилин, тарыхын жана маданиятын изилдеп жатканы кубандырууда. Япониянын технологиялык жетишкендиктерин колдонуу, илим, билим берүү жана башкаруу тармактарында ийгиликтүү тажырыйбаны өздөштүрүү Кыргызстандын келечеги үчүн абдан маанилүү», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап Япон Өкмөтүнүн кадрлардын адистигин жогорулатуудагы жардамын жогору баалаганын, Японияга Кыргызстандан жыл сайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер окууга келип жаткандыгын баса белгиледи.

Президент аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупция менен күрөшүү, сот-укуктук реформасы, өлкөнүн экспорттук дараметин колдоо чаралары боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жөнүндө айтып берди.

Мамлекет башчысы менен баарлашууда мекендештер Япониядагы жашоо-турмушу жана келечек пландары тууралуу айтып беришти.

Алар Япониянын жогорку окуу жайларында стипендиялык программаларга берилүүчү орундарды көбөйтүү өтүнүчүн келтиришти.

Ошондой эле кыргызстандыктардын Японияда алган билимин, тажырыйбасын Мекенинде кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк берүү максатында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча каалоо-тилектерин билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстанды өнүктүрүү, жарандардын бул процесске катышуусу, улуттук экономикадагы кичи жана орто ишкердиктин орду жана башка маселелер боюнча пикир алышуу болду.

Сооронбай Жээнбеков мекендештер мекенине кайтып келгенден кийин алган билимин, тажрыйбасын мамлекеттик органдардын ишмердигин жана мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртууга колдонот деген ишенимин билдирди.

«Келечек билимдүү, жаш кыргызстандыктардыкы. Буга чейин Японияда түрдүү программалар аркылуу билим алгандар өлкөнү өнүктүрүүгө салымын кошуп, өздөрү иштеп жаткан тармактарды өзгөртүүгө даярдыгын көрсөтүшүүдө. Сиздер дагы алдыга койгон максаттарга жетип, өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн өз дараметиңиздерди колдонуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр менен Кыргызстанга кайтып келесиздер деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий