• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жээнбеков ишкердикти колдоо жана Кытай менен мамилелер жөнүндө

Президент 0

Бишкек, 19.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде ишкердикти колдоо чаралары жана донорлор, коңшу өлкөлөр, анын ичинде Кытай менен кызматташуунун келечеги жөнүндө айтып берди.

Мамлекет башчысы бизнести колдоо маселеси Өкмөттүн күн тартибиндеги негизги маселелердин бири экенин белгиледи.

«Биз март айында өзгөчө кырдаал жана карантин киргизгенде бизнеске көп тоскоолдук болуп калды. Ошону эске алып, карантин алынгандан кийин, өзгөчө кырдаал алынгандан кийин, май айында бизнес өкүлдөрү менен жолуккам. Негизги суроо-талаптарын уккам. Өкмөттүн дагы тиешелүү түзүмдөрү катышкан. Өкмөткө негизги багыттар аныкталган. Азыр ошол багытта иштеп жатышат. Өкмөттүн азыр бул багытта аныкталган өзүнүн көз караштары бар», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент коңшу өлкөлөр, стратегиялык өнөктөштөр, донор уюмдар, дээрлик бардыгы менен пандемия башталганга чейинки долбоорлор, андан кийин кырдаалга жараша пайда болгон муктаждыктар боюнча иш үзгүлтүксүз улантылганын кошумчалады.

«Билесиз, ушул илдет башталып, кыйынчылыктар жарала баштаганда, мен ири донор өнөктөш уюмдардын дээрлик бардыгынын жетекчилери менен телефон аркылуу жеке сүйлөшкөм. Алар мурда башталган социалдык-экономикалык багыттагы долбоорлор токтобойт деп убада беришкен. Бул биз үчүн өтө зарыл болчу. Алар ошол убадаларына турушту, долбоорлорду каржылоо маселеси токтогон жок. Эң негизгилери — таза суу, ирригация, бизнести колдоо, жолдор боюнча жана башка долбоорлорубуз үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Мындан тышкары, пандемия кесепети менен күрөшүүгө да колдоо алып жатабыз. Ал эми Кытай сыяктуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерибиз калыптанып калган өнөктөш мамлекеттер менен да мамилебиз жакшы, уланып жатат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал жакында Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Инин Бишкекке болгон иш сапарынын негизги максаты — Кытай эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендигин тастыктаганын белгиледи.

«Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын саламын айтып, атайын кайрылуусун да мага жеткирип, ошол жолугушууда өзү окуп берди.

Пандемиядан кийинки азыркы кырдаалда саясий колдоосун билдирип, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты өөрчүткөнгө, ошону мындан ары дагы өркүндөткөнгө даяр экендигин айткан экен, Си Цзиньпин мырза ошол өзүнүн катында.

Билесиздер, „Бир алкак — бир жол“ платформасы бар. Мына ошол саясаттын алкагындагы бардык, мурда башталган долбоорлорубузду улантып, пандемиядан улам келип чыккан кыйынчылыктарыбызды чечүүгө колдоо көрсөтөрүн дагы тастыктап кетти. Бул дагы биз үчүн ушундай шартта абдан жакшы колдоо деп эсептейм», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле ата мекендик экономикага инвестицияларды тартуу маселеси талкууланганын билдирди.

«Билесиздер, Кытай бизге чоң рынок. Кытай бизге соода-экономикалык карым-катышка, айыл чарба продукциябызды экспорттоого абдан чоң өнөктөш. Биздин таза экологиялык продукциябызга алар кызыкдар. Биз мына ушул багытты күчөтүү ниетибизди билдирдик. Тышкы иштер министри Ван И мырза жардам берели деп, колдоду», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал бул маселе КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин ШКУнун саммитине келгенде талкууланганын кошумчалады.

«Кытай бизге чектеш, жакын, ыңгайлуу. Бизден өндүрүлгөн продукцияларды Кытайга — Кашкарга, Синьцзянга алып киргенге ыңгайлуу. „Биздин продукция эл аралык стандартка жооп берет, экологиялык жактан таза“ деп, бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияны тааныштырып, даамын көргөн. Ошондон кийин иш жыла баштады. Биздин дыйкандарыбыз бал, гиляз (черешня), коон, ун, сүт азыктарын — кургак сүт, сыр экспорттоого уруксат алышкан, булар боюнча атайын протоколдорго кол коюлган болчу. Алардын тиешелүү мамлекеттик органдары бизге келип, текшерип, иштей башташты. Пандемия, илдет чыккандан баштап, иштер токтоп калды. Ошолорду тездетели дедик.

Кытайга кургак сүт алып чыгууга 13 ишканабыздын уруксаты бар.

Тиешелүү мамлекеттик органдар Кытайга буурчак, жүзүм, картошка, абрикос, жүгөрү, эт азыктарын жана башка бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз. Бул боюнча активдүү иш жүрүп жатат. Бул биздин келечектүү маселебиз. Ошону Ван И мырза дагы колдоп, жардам берели деп кетти», — деп белгиледи Президент.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков тышкы карыз маселеси да талкууланганын айтып, төлөө мөөнөтүн узартуу багытында маселе коюлганын өзгөчө белгиледи.

Дайыма талкууда болгон дагы бир ири маселе катары «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун атады.

«Бул долбоор бизге аба менен суудай керек. Бул долбоорду ишке ашырышыбыз керек. Эмне үчүн дегенде, кечээ илдет чыкканда, пандемия башталганда, чек аралар жабылганда, биз эң оор акыбалда калдык. Бир эле экономика эмес, элибизди тамак-аш, ун менен камсыз кылыш маселеси биринчи орунга чыкты. Темир жол абдан керек экенин дагы бир жолу көрдүк. Азыр эксперттерибиз иштеп жатышат. Жалпысынан кытай тараптын кызыгуусу бар, бул долбоорго», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы темир жол долбооруна катышуу тууралуу Россия менен жогорку деңгээлде сүйлөшүлгөнүн, Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан, Россия менен (3+1 форматында) активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Жалпылап айтканда, министр Ван И Си Цзиньпиндин атынан эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирүү үчүн келгенин белгиледи.

«Эки өлкө ортосунда эч кандай маселе жок экендигин дагы бир жолу бекемдеп кетти. Жакшы сүйлөшүүлөр болду. Ван И мырза менен сүйлөшүүлөргө канааттандым», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий