• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Ташкентте Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду

Саясат 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында (Өзбекстан) Борбордук Азиянын мамлекет башчылары жана делегациялар менен биргеликте Өзбекстан Республикасынын Туңгуч Президенти Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин жана Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин биргелешкен гүл коюу аземи Ислам Каримов атындагы илимий-билим берүү мемориалдык комплексинде болду.

Ошондой эле алар «Куксарой» резиденциясынын Ардактуу коноктор аллеясында биргелешип бак отургузушту.

Эске салсак, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын Президенттери жана Казакстандын Туңгуч Президенти бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышышты.

Пикир

Оставить комментарий