• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жээнбеков кайра иштетүү өнөр жайын колдоо чаралары тууралуу айтып берди

Президент 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. «Мамлекеттеги болгон каражаттар, анын ичинде банктардыкы, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталууда», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөдө кайра иштетүү өнөр жайы алдыга жылган эмес, көп жылдар бою аталган маселеге көңүл бурулбай, бул максатка жетиштүү каражат бөлүнгөн эмес.

«Биз, бир эле айыл чарбасы эле эмес, жалпы эле кайра иштетүү тармагына, жумуш орундарын түзгөндөргө, продукцияны сыртка алып чыккандарга каражатты бурдук. Сыртка миграция абдан көбөйгөн. Эмне үчүн дегенде өндүрүлгөн азык-түлүк сатып алынбай калган», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошол эле учурда Президент белгилегендей, мамлекет бардык продукцияларды сатып ала албайт, бирок мамлекеттин милдети — ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

«Мына жеңилдик бердик, узак мөөнөттүү, төмөн пайыздагы кредиттерди аларга жеткизип, мына ушуну жасай алдык, каражатты ишкерлерге бурдук. Премьер-министр болуп турганда Кепилдик фонд түзгөнбүз. Кепилдик фондду эмне үчүн түздүк? Айрыкча айыл жерлеринде жакшы долбоорлору, жакшы ойлору бар көп ишкерлер бар. Бирок аларды көтөрүп алып, банкка барса, ал жерде эки жылдык, үч жылдык, анан болгондо да 20%дан жогору кредиттер бар, аны алайын десе да күрөөсү жок. Кредит ала албайт, иштерин баштай албайт. Мамлекет тарабынан Кепилдик фонд түзүлүп, уставдык фонду да көбөйтүлдү», — деп түшүндүрдү Мамлекет башчысы.

Ал белгилегендей, мына ушул кепилдик фонддон жардам алып жаткандардын саны өсүүдө, фонд ошол ишкерлерге, күрөөсү жетпегендерге кепилдик берет.

Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы Премьер-министр болуп турганда аймактарды кыдырып жүрүп, Таласка барганын, сүттү кайра иштетүүчү заводдун кампаларында өндүрүлгөн продукциялары сатылбай турганын көрүп, абдан кейигенин мисал келтирди.

«Эгерде заводдун ишмердүүлүгү токтоп калса, фермерлер өндүргөн сүтүн сата албай калышат. Бул маселелер бири-бири менен тыгыз байланышкан. Эгер завод өндүргөн продукциясын сатып турса, акча келип турат, элден сүт алынып турат. Ал токтоп калса эл кыйналып калат, каражат түшпөй калат», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей, кырдаалды оңдоо максатында ЕврАзЭБдин стандарттарына жооп берүү үчүн лабораторияларды куруп, эскилери жаңыртылды. Фитосанитардык, ветеринардык лабораторияларга мамлекеттен акча бөлүп, жаңыларды салып, жаңы шаймандарды алып, талаптарга жооп бергидей жабдылды.

«Россия дагы бул боюнча абдан жакшы жардам берди. Муну белгилеп кетишим керек. Эл аралык деңгээлге жооп бере турган лабораторияларды куруп, анан уруксат алып туруп, мына эми азыр биздин сүт азыктарыбыз сыртка чыга баштады. Азыр Кытайга 13 ишкана кургак сүт жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ (*атайын реестрге кирген). Сүт боюнча проблема болбойт алдыда. Эмне үчүн дегенде биздин сүт азыктар тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук бере алат. Биздин сүт азыктарыбыз экологиялык жактан таза жана сапаты менен тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болуп саналат», — деп баса белгиледи Президент.

Ал Нарын облусуна жумушчу сапары тууралуу айтып берди, анда Россия-Кыргыз фонду, Кепилдик фонду, «Айылбанк» сүт заводдорго узак мөөнөттүү кредиттерди берип жатат.

«Кочкордогу завод бүтүп калса, кийинки жылы Нарын облусу боюнча элден сүт сатып алууда проблема чечилет. Менин максатым — Кыргызстанда айыл чарбасында өндүрүлгөн сүттү, этти, терини, жүндү кайра иштетүүдө ишкерлерге шарт түзүп берип, экспортко чыгарып же ошону сатып алып, кайра иштетүүнү жандандыруу. Биздин милдет, дагы айтам, ишкерлерди узак мөөнөттүү, төмөн пайыздуу кредиттер менен колдоп, салыктан жеңилдетүү менен аларга жардам берип, ишти баштаса, сыртка чыкканга көмөк көрсөтүү. Мына ушул процесс кетти жана бул токтобойт», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал азыр бүт жерде коюлган милдеттерди аткарууну талап кылып жатканын жана бардык мамлекеттик органдар, каржылык институттар бул тууралуу билишерин кошумчалады.

«Мен айтып жатам, бир эле тамак-аш эмес, айыл жеринде ташты кайра иштетсе дагы, кумду кайра иштетсе дагы, каражатты ишкерлерге бериш керек деп жатам. Ал — жумушчу орундар да. Ал жумуш орунун түзгөндөн кийин айлык төлөйт, жергиликтүү бийликке салык төлөйт. Салык көбөйөт, жол оңдолот, мугалим-врачтардын айлыгы көтөрүлөт. Мамлекет тарабынан социалдык кызмат көрсөтүү да жакшырат. Баары тең каражатка байланышкан. Баары тең бири-бирине байланышкан нерсе. Мына ушул нерсени биз ордунан жылдырдык», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий