• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жээнбеков: Өкмөттү кетирүүдөн азыр пайда жок

Президент 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. «Өкмөттү кетирүүдөн азыр пайда жок. Азыр биз эми мүмкүн болушунча колдо болгон адамдык ресурстун баарын мобилизациялап, күчтү бириктирип, иштешибиз керек. Колуна кол, бутуна бут болуп, Өкмөткө жардам беришибиз керек. Азыр сындай турган мезгил эмес. Азыр жардам бере турган мезгил. Бардык мүмкүнчүлүк, аракеттерди бириктирип, ынтымакта, тартипте илдетке каршы турушубуз керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти бүгүн, 18-июлда, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген маегинде, Өкмөткө карата болуп жаткан сын-пикирлердин негиздүүлүгү жана отставкага кетүүсү керекпи деген суроого жооп берип жатып.

«Билесиңер, Кубатбек Боронов буга чейин Премьердин биринчи орун басары болуп келген. Вируска каршы күрөштө оор мезгилде, карантин кирип атканда Республикалык штабдын ишинин баарын өзү жетектеп келген. Ошондуктан, бул багытта колунан келишинче кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Мен колумдан келишинче президент катары жардам берип жатам», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент парламенттик шайлоого 3 айга жакын убакыт калганын, Өкмөт парламенттик шайлоодон кийин Конституцияга ылайык кайра куралып, мыйзамдуу жол менен алмашарын айтты.

«Бул Өкмөт калабы, калбайбы ошол келген парламент өздөрү чечет, бул парламенттин укугу. Парламенттик шайлоо болушу керек дегеним да ошол. Аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги туруктуу иштеши керек. Ошондуктан биз мыйзамдуу жол менен кете беришибиз керек, мыйзамдуу жол менен бардык иштер бүтүшү керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий