• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Жээнбеков кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүү деңгээлине канааттануу билдирди

Президент 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын Мюнхен шаарында Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер жана ЖМКлар маселелери боюнча Мамлекеттик министри Флориан Херманн менен жолугушуу маалында кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүү деңгээлине канааттануу билдирди.

Мамлекет башчысы эки тараптуу соода-экономикалык өз ара мамилелерди активдештирүү жөнүндө айта келип, айыл чарбасы, туризм, гидроэнергетика тармактарында, энергиянын жаңыланма булактары жана тоо-кен чөйрөлөрүндө Кыргызстандын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин баса белгиледи.

Флориан Херманн Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, Германиянын Канцлери жана Президенти менен жолугушуунун алдында анын Баварияга келгенине кубанганын жана бул достук кадам экенин белгиледи.

undefined

Ал Германиянын Кыргызстандагы элчиси жыл сайын ага Кыргызстандан абдан кызыктуу жана кооз сүрөттөрдү жиберип тураарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде эки күндүк расмий иш сапары менен Германияга келди.

Делегациянын курамы:

Айдарбеков Чыңгыз Азаматович — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Сыдыков Данияр Батырович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Оторбаев Эринес Мотойович — Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Алтыбаева Айнуру Тойчиевна — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты;

Жунус уулу Алтынбек — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты;

Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна — Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Панкратов Олег Михайлович — Кыргыз Республикасынын экономика министри.

Пикир

Оставить комментарий