• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Президент 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 20-январда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Жаңы жылдын алдында — 2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган.

Мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, курулуш тармактарынын өкүлдөрү жана башкалар татыды.

Иш-чарадан түз эфир Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынан берилет.

Башталышы саат 11:00дө.

Пикир

Оставить комментарий