• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбеков «Өлбөс полк» онлайн-платформасына катышабы? Мамлекет башчысынын басма сөз кызматынын жообу

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. «Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу быйыл «Өлбөс полк» акциясы онлайн режимде өтөт. Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018 жана 2019-жылдары Бишкекте өткөн «Өлбөс полк» жүрүштөрүнө катышкан.

Бул жылы Президенттин чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтү «Өлбөс полк» онлайн-платформасына (1945.srs.kg) катталган», - деп билдирет Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Жээнбек Пирназаров 1895-жылы туулган. 1941-жылы Кыргыз ССРинин Ош облусунун Өзгөн районунун аскер комиссариаты тарабынан аскерге чакырылган жана согуштан кайтпай калган.

Пикир

Оставить комментарий