• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жээнбеков: Өлкөнү санариптештирүү - туура саясат болгонун турмуш өзү көрсөттү

Президент 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Өлкөнү санариптештирүү - туура саясат болгонун турмуш өзү көрсөттү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин кезексиз жыйынында билдирди. Белгилей кетсек, мамлекет башчысы ЖКнын жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө билдиргендей, коррупцияга каршы күрөштө көптөгөн тоскоолдуктар болууда.

"Коррупция менен күрөштө негизги курал катары санариптештирүүнү толук колдонобуз. Өлкөнү санариптештирүү - туура саясат болгонун турмуш өзү көрсөттү. Биз, албетте, бир кыйла кечиктик. Бирок кыска мезгилдин ичинде жалпы күч-аракеттер менен өлкөнү санариптик трансформациялоо багытында көп иштер аткарылды", - деди ал.

Жээнбеков кошумчалагандай, мамлекеттик органдардагы кагаз бюрократиясын жоюуга багытталган "Түндүк" системасы ишке киргизилди. Ага 64 мамлекеттик орган жана 38 коммерциялык уюм кошулду. Калкка 191 мамлекеттик кызматтар жана сервистер санарип форматында көрсөтүлө баштады. Эки жылдын ичинде “Түндүк” системасы аркылуу 38 миллион транзакция – маалымат алмашуу болуп өттү. Ал эми жыл башынан ушул убакка чейин эле 51 млн. транзакция болду. 14 справка автоматташтырылып, натыйжада беш миллиондон ашык кагаз справкаларын жарандар кезекте турбастан, онлайн түрдө маалымат ала алды.

"Бул - бюрократия кыскарып, кагаз, убакыт үнөмдөлүп, жарандардын түйшүгү азайды дегендин далили", - деп баса белгиледи ал.

Президенттин айтуусунда, учурда укук коргоо органдарын, прокуратура органдарын, жалпы эле элге кызмат көрсөтчү бардык мамлекеттик органдарды санариптештирүү процесси активдүү жүргүзүлүп жатат. Бул адам факторун жоюп, жарандарыбызга ыңгайлуу шарт түзөт. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, Бузуулардын бирдиктүү реестри иштей баштады. Азыркы мезгилде 90го жакын сот залы аудио-видео жазуу системалары менен жабдылды. 2019-жылдын февралынан тартып, “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилди.

Президент билдиргендей, бул жол кырсыктарынын деңгээлин Бишкек шаарында 42 пайызга, Чүй облусу боюнча 50 пайызга кыскартууга мүмкүнчүлүк берди. Азыр “Коопсуз шаар” долбоорунун негизги этабын ишке ашырууга даярдыктар көрүлүүдө. Ал 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды, 73 калк жашоочу пункттарды камтыйт.

"Кайгуул милициясын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, Бишкек шаарында жаңы санариптешкен командалык борбор иштеп баштады. Анда байкоо жүргүзүү камералары, анын ичинде адамдардын жүзүн таануу функциясы бар камералар аркылуу шаардагы кырдаалга онлайн мониторинг жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарында Кайгуул милициясын ишке киргизүү долбоору коомчулукка, элге пайдасын алып келе баштады. Ийгиликтүү ишке ашты десек болот. Бул долбоор Ош шаарында да башталат. Азыр талапкерлерди тандоо үчүн сынак жарыяланды. Бул долбоор менин жеке көзөмөлүмдө экенин билесиздер", - деген мамлекет башчысы, жалпысынан Ички иштер министрлигинде туташ реформа жасалды деди.

"Натыйжада, борбордук, облустук аппараттын штаты кыскарып, анын эсебинен участкалык милициянын штаты жана балдар менен иштеген инспекторлор көбөйдү. Бул аймактардагы кылмыштуулуктун санын азайтат. Мындан аркы иш негизинен аймактарды санариптештирүү багытында жүргүзүлөт. Ушул жылдын аягына чейин «Санарип Аймак» платформасынын алкагында бардык айыл өкмөттөр санариптешет деген талап коюлган. Буйруса, бул милдет аткарылат", - деп жыйынтыктады өз сөзүн президент.

Пикир

Оставить комментарий