• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшырды

Президент 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. «Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысынын сөзү:

«Урматтуу мекендештерим!

Ардактуу сыйлык ээлери!

Бүгүн, ушул жыйында өлкөбүздүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп жаткан мекендештерим олтурасыздар.

Адал эмгегиңер, таза ниетиңер менен абийир таап, жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болдуңуздар.

Баарыӊыздарды жогорку мамлекеттик сыйлыгыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм.

Сиздерге сыйлык тапшыруу мен үчүн чоң сыймык.

Сыйлыгыңыздар кут болсун!

Урматтуу мекендештерим!

Эл үчүн жасаган эмгек эч качан жерде калбайт.

Элдин эсинде, урпактардын сезиминде, тарыхтын барактарында калат.

Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимовдун өмүрү, басып өткөн жолу, Мекенге арнаган эмгеги, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымы ар бирибиздин жүрөгүбүздө сакталуу.

Атактуу эки инсаныбыз тең өзгөчө урматтоого татыктуу.

Кырк жылга жакын эл башкарып, өлкөгө, элге кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөткөн Төрөбай Кулатовдун ысымы эл ичинде эчак легендага айланган.

Ал жөнөкөй шахтердон өлкө жетекчисине дейре жетип, кристалдай таза иштеп, жупуну, кеменгер жетекчинин үлгүсүн, элдик адамдын образын аң-сезимибизге терең орнотуп кетти.

Биз Төрөбай Кулатовдун ысмы менен кыргыз мамлекетинин тарыхын да, өнүгүүсүн да бекем байланышта карайбыз.

Төрөбай Кулатов Чоң Чүй каналы, Орто-Токой суу сактагычы, Кант-Балыкчы темир жолу, Бишкек — Суусамыр — Жалал-Абад — Ош авто жолдорун, Ак-Туз, Хайдаркен, Кадамжай комбинаттарын куруу демилгесинин башында туруп, улуу курулуштарга түздөн-түз жетекчилик кылган.

Бул инсан өлкөбүздүн, элибиздин алдындагы адамдык да, жетекчилик да милдетин ак ниети менен толук аткарган.

Таланттуу мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун өмүр баяны, эмгек жолу баарыбызга кеңири маалым.

Султан Ибраимович чыныгы элдик инсан болгон.

Султан Ибраимов — Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын өнүктүрүүгө өзгөчө эмгеги сиңген адам. Өз мээнети менен элдин терең урматына ээ болгон, аты аңыз болуп айтылып, журттун эсинде калган улуу инсан.

Султан Ибраимовдун ысмы менен Токтогул ГЭСи, Папан, Баткен суу сактагычы, Ош текстиль жана жибек комбинаты, авто жолдор, аэропорттор, айыл чарбасы жана ирригация тармагы бекем байланышкан.

Бул эки улуу инсандай жалпы элдик урматтоонун символуна айланган жетекчилер аз. Бүгүнкү жетекчилер Султан Ибраимов менен Төрөбай Кулатовдой болууга умтулушубуз керек.

Төрөбай Кулатовго жана Султан Ибраимовго ыйгарылган өлкөбүздүн эң жогорку сыйлыгы — „Кыргыз Республикасынын Баатыры“ деген бийик наамды жана „Ак шумкар“ өзгөчө белгисин алардын балдарына тапшыруу мен үчүн зор сыймык.

Урматтуу замандаштар!

Бүгүн кыргыз маданиятына опол тоодой эмгек сиңирип, улуттук өнөрдү бийик деңгээлге көтөргөн — улуттук театр өнөрүнүн ири ишмери, нукура талант, эл урматына ээ болгон белгилүү актриса Жамал Сейдакматова, дүйнөгө комузду таанытып, кыргыз күүсүн жер шарына даңктап келген атактуу комузчу Самара Токтакунова, кыргыздын руханий дүйнөсүн байытууга зор эмгек жасаган Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков жана кыргыз илимин өркүндөтүүгө ири салым кошкон көрүнүктүү окмуштуу Мухаммаджан Мамасаидов өлкөнүн жогорку сыйлыгына — „Манас“ орденине татыктуу болушту.

Урматтуу мекендештерим!

Калкыбыздын саламаттыгын сактоону жакшыртууга, Кыргызстанга медициналык кадрларды даярдоого кошкон олуттуу салымы үчүн боордош өлкөлөрдүн медицина кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

Биздин арабызда белгилүү кадиохирург, Казакстан Республикасынын Тараз шаарындагы „Кардиохирургия жана трансплантология илимий-клиникалык борборунун“ жетекчиси, бир тууганыбыз — Сейитхан Джошибаев олтурат.

Хирург катары биздин мекендештерибиздин өмүрүн сактап, бизге көп кубаныч тартуулады.

Анын дарыгерлик, адамдык бийик сапаты — чыныгы боордоштуктун жаркын мисалы.

Сейитхан Джошибаев „Достук“ ордени менен сыйланды.

Сизге жүрөктөн чыккан ыраазылык билдиребиз.

Мне доставляет огоромное удовольствие вручить медаль „Даңк“ представителю Российской Федерации, кардиохирургу знаменитого медицинского центра имени Бакулева Алексею Ивановичу Киму.

Алексей Иванович — замечательный хирург, проводит сложнейшие операции на сердце.

Он спас жизни многих граждан нашей страны.

Своим трудом, Алексей Иванович, вы не только возвращаете здоровье людям, но и показываете прекрасный пример развития традиционной дружбы народов наших стран.

Искренняя наша благодарность вам, Алексей Иванович!

Я должен отметить еще одного замечательного доктора, представителя нашего великого соседа — Китайской Народной Республики — хирурга Ван Чжень.

Вот уже более десяти лет он сотрудничает с нашими медиками.

Он в Кыргызстане провел более четырехсот успешных операций на сердце.

Среди них — большое количество детей.

От имени ваших пациентов и от себя лично выражаю искреннюю благодарность, уважаемый доктор Ван Чжень.

Урматтуу мекендештерим!

Азыр Кыргызстандагы көптөгөн айылдарда жамааттар өздөрү демилге көтөрүп, жардам күтпөй эле өз көйгөйүн өздөрү чечип жатышат.

Таза суу чыгаргандар, бала бакча кургандар, көчөлөрдү оңдоп, жарыктандыргандар бар.

Бүгүн элетте эмгектенип жаткан асыл адамдарыбыздын бири жөнүндө өзгөчө айткым келип турат.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кереге-Таш айылынын тургуну Мурзапаша Маматов „Даңк“ медалы менен сыйланды.

Мурзапаша аксакал узундугу 8 чакырымга жакын ирригациялык каналды куруу боюнча долбоорду демилгелеп, аны айылдаштары менен бирге ишке ашырган.

Кереге-Таштыктар жапырт ашарга чыгышып, бир тоодон экинчи тоого сууну алып өтүп, кылымдар бою суу көрбөгөн 40 гектар жерге суу чыгарышты.

Бул жерди гүлзарга айлантып, түрдүү мөмө-жемиш бактарын тигебиз деп жатышат.

Канал жалаң кол күчү менен салынган.

Кереге–Таш айылынын жалпы тургундарына ыраазылык билдирем.

»Жабыла көтөргөн жүк жеңил« дегендей, элдин күчү, деми менен көп иш бүтүрсө болоорун биздин кадамжайлык мекендештерибиз дагы бир ирет далилдеди.

Элеттиктердин максатын ишке ашырууга көмөктөшкөн „Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы“ Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Уважаемые друзья!

В жизни всегда есть место для героизма.

Для героизма прежде всего нужны внутренний дух, забота о людях, железная воля.

Человек, обладающий такими качествами, находится среди нас.

Это — пилот, командир корабля гражданской авиации Дмитрий Юрьевич Палашкин.

Дмитрий Юрьевич, несмотря на то, что перестал работать мотор самолета, с высоким мастерством посадил самолет обратно, в аэропорт „Манас“ и спас жизни 96 пассажиров.

Какая выдержка и смелость требуется для этого — всем понятно.

Я искренне благодарю вас, Дмитрий Юрьевич, за спасение жизни пассажиров, и с удовольствием вручаю вам медаль „Эрдик“.

Урматтуу замандаштар!

Адабият жана маданият өкүлдөрү биздин рух дүйнөбүздү байыткан адамдар!

Улуттук адабиятка зор салым кошуп, анын түйшүгүн тартып, мыкты адабий чыгармаларды жараткан жазуучу Кубатбек Жусубалиев „Кыргыз эл жазуучусу“, акындар Карбалас Бакиров жана Абдыжапар Эгембердиев „Кыргыз эл акыны“ деген ардактуу наамдарга ээ болушту.

Белгилүү композитор Сатылган Осмоновго, театр артисттери Рашбек Асановго, Калийча Сейдалиевага „Кыргыз Республикасынын эл артисти“ ардактуу наамы ыйгарылды.

Таланттуу скульптор Дүйшөн Жолчиев „Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү“ ардактуу наамына арзыды.

Урматтуу мекендештерим!

Жогорку сыйлыкка татыктуу адамдардын көпчүлүгү жөнөкөй, бирок, ардактуу кесиптин ээлери.

Алар: мугалимдер, саламаттык сактоо кызматкерлери, орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү.

Региондорду өнүктүрүү ишине жакшы салым кошуп жаткандар бар.

Алардын катарында Кайрат Абдуллаев жетектеген „Үмүт и Ко“ жоопкерчилиги чектелген коому сүт азыктарын жогорку деңгээлде өндүрүү менен айылдык фермерлерди колдоп олтурат.

Сиздер жакшы билесиздер, биз билимге, өзгөчө элет жеринде сапаттуу билим берүүгө болгон күчтү жумшап жатабыз.

Биз заманбап билим берүү менен гана өлкөбүздү алдыга жылдырабыз.

Азыркы күндө билим чөйрөсүндө мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп келе жаткан мугалимдер бар.

Мына ушундай мугалимдердин арасында алыскы Баткенде балдарды окутуп, жаштарга билим берүүдөн өткөн баалуу нерсе жок деп жашаган Ирина Васильевна Нефёдова бар.

Ирина Васильевна 50 жылдан ашуун Баткендин мектептеринде башталгыч класс мугалими болуп иштеп келет.

Ирина Васильевнанын көптөгөн кесиптештери башка жактарга көчүп кетсе да, ал өрүкзарлуу Баткенде калды.

Ал билимди, мугалимдин ыйык миссиясын туу тутуп келет.

Ирина Васильевна жана башка бир топ мектеп мугалимдери „Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими“ деген жогорку наамга арзышты.

Сиздердин катарыңыздарда отурган, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасына арзыган Шекербек Кучкачов, Сапарбек Муратов, Эрнис Мыктыбек уулу жөнүндө баса белгилеп айткым келет.

Бул үч мекендешибиз өлкөдөгү майыптар уюмунун жетекчиси, социалдык жактан колдоого муктаж адамдар менен түздөн-түз иштеген активдүү инсандар.

Жаныбызда жүргөн адамдарга жакшылык кылуу, алардын жеңилин жерден, оорун колдон алуу — бул чыныгы адамгерчиликтин белгиси.

Шекербек мырза мүмкүнчүлүгү чектелген 58 адамга жумуш ордун ачып, социалдык активдүүлүккө, эмгек аркылуу турмуш-тиричилигин оңдоого шарт жаратып, аларды колдоп, чоң жарандык эрдик жаратты.

Ал эми Сапарбек Муратов мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасындагы таланттуу замандаштарыбызга моралдык колдоо көрсөтүп, алардын чыгармачылыгын өстүрүүгө, китептерин басып чыгарууга көмөк көрсөтүп келет.

Ал өзүнүн чыныгы адамдык адеп-ахлагы менен, өз жашоосун адамдарга жакшылык кылууга арнаганын угуп өтө кубандым.

Ошондой эле зор соопчулук ишти ак ниети, таза дили менен Мыктыбек уулу Эрнис да жүргүзүп келет.

Ал колдоого муктаж 32 кишиге жумуш орун ачып, жакшы шарттарды жаратып берген.

Урматтуу салтанаттын катышуучулары!

Биз үчүн улутубуздун ден соолугунан өткөн маанилүү маселе жок.

Элибиздин саламаттыгынын сакчылыгында жүргөн элеттик дарыгерлер — Сузак районунун Октябрь айылдык ооруканасынын рентген-лаборанты Маманов Көчкөнбай, Алай районундагы Мурдаш айылынын фельдшери Мараимов Монокбай, Чүй райондук аймактык ооруканасынын дарыгери Жунушова Нургүл, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачы Молдокунова Гүлкайыр сыяктуу ден соолук сакчылары бүгүн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.

Урматтуу катышуучулар!

Биздин өлкөбүз дүйнөгө спорт менен да таанылып, Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркы өсүүдө.

Жакында эле Азиянын волейбол боюнча чемпионатында кыргыз спортчулары зоналдык турнирде чемпион болушту. Бул чоң сыймык.

Мына ушул жеңишти элибизге алып келген мыкты спорт чеберлерин тарбиялаган машыктыруучу Андрей Анкудинов мамлекеттик ардактуу наамга татыктуу болду.

Ошондой эле Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан, дүйнөлүк БиБиСи корпорациясынын кыргыз бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Касманбетованын эмгегин жогору баалайбыз.

Я должен отметить еще одного представителя СМИ, основателя известной правовой газеты „Дело №“, нашего замечательного мастера пера Виктора Запольского. Спасибо за ваш многолетний труд Виктор Михайлович!

Биз үчүн коомдун биримдиги — баарынан кымбат. Эл биримдигине кызмат кылган Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын айрым мүчөлөрү да жогорку сыйлыкка татыктуу болдуңуздар.

Улуттардын ынтымагын чыңдоого арналган эмгегиңер үчүн сиздерге ыраазылык билдирем.

Күнү-түнү Мекен сакчылыгында турган аскер кызматчыларыбыз да жогорку сыйлыктарга татыктуу болушту.

Өзгөчө чек ара кызматкерлеринин эмгеги мактоого татыктуу.

Урматтуу мекендештерим!

Бул залда татыктуунун татыктуулары олтурасыздар.

Баарыңыздарды атап айтуу — убакыттын тардыгына байланыштуу мүмкүн болбоду.

Сиздердин ар бириңиздердин эмгегиңиздер — өзүнчө сөз кылууга татыктуу.

Сиздер — элибиздин сыймыгы, улуттун көрөңгөсү, өлкөнүн бакубат жашоосуна эмгеги менен салым кошуп жаткан чыныгы мекенчил адамдарсыздар!

Эмгек адамынын кадыры бийик болсо — Кыргызстаныбыздын келечеги кең болот.

Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!

Эмгек аркылуу гана өлкөбүздү дүйнөнүн алдыңкы катарына кошобуз!

Сиздер сыяктуу үлгүлүү жарандарыбыз көп болсо, улутубуздун, мамлекетибиздин потенциалы ошончолук күчтүү болот.

Кыргызстандыбыздын келечеги кең болот!

Дагы бир жолу жогорку мамлекеттик сыйлыктарыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Мындан ары да өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуп, жаратмандык менен элибизге кызмат кыла бересиздер деп терең ишенем!

Баарыңыздарга терең ыраазылык билдирем.

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай колдосун!»

Пикир

Оставить комментарий