• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Жээнбеков Нью-Йорктон Кыргызстанга катардагы каттам менен учуп келди

Коом 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков АКШдан мекенини катардагы каттам менен учуп келген.

Facebook колдонуучусу Мелис Аспеков Жээнбеков менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

“Биздин президент Америкадан жөнөкөй жарандар менен бирге катардагы каттамда учуп келди. Бардыгыңыздарга кутман таң!”, - деп жазган Аспеков.

Эске сала кетсек, С.Жээнбеков Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында иш визити менен болуп, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту, БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышып, жубайы менен АКШнын Президенти Дональд Трамптын БУУнун делегация башчыларынын урматына уюштурган расмий кабыл алуусунда болду.

Пикир

Оставить комментарий