• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сооронбай Жээнбеков Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө негизделип, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин отставкасы кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Пикир

Оставить комментарий