• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Президент Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчылары эки жактуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча үстүбүздөгү жылга биргелешкен пландарды белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле телефон аркылуу сүйлөшүү маалында коронавирус инфекциясын жайылтпоо жаатында мындан ары биргелешкен чараларды көрүү боюнча өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий