• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Жээнбеков Россиянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 28-декабрында, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Дмитрий Медведевди Жаңы жыл жана Рождество майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы келерки жыл Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы салтуу достуктун жана өз ара урматтоонун духундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, м аданий-гуманитардык жана региондор аралык кызматташтыктын прогрессинин жана өнүгүшүнүн салтанаты болот деп ишене турганын билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча болочок кадамдар да талкууланды

Пикир

Оставить комментарий