• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Жээнбеков «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Токио шаарында «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Кыргызстан жана Япониянын инвестициялык кызматташтыгынын жана ишкерлик чөйрөлөрдүн мамилелерин жакшыртуу келеги боюнча пикир алышуу болду.

«Ротобо» ассоциациясынын өкүлдөрү алар үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушуу сыймык экенин белгилешип, КМШ, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү инвестициялык кызматташтык жана экономикалык ишмердигин кеңейтүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтып беришти.

Эки өлкөнүн 100дөн ашуун ири ишкерлери катышкан 2018-жылдын февралында Бишкекте өткөн кыргыз-япон бизнес-форумун жана Японияда 2019-жылдын февралында өткөн кыргыз айыл чарба продукциясынын көргөзмөсүн канааттануу менен белгилешти.

«Көргөзмөдө өзүнүн даамы жана накталыгы менен таң калтырган кыргыз балы дагы көрсөтүлдү. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык алмашууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биздин жолугушуубуз бул багытта кошумча дем берет деген ишенимдебиз», — деп баса белгилешти «Ротобо» ассоциациясынын мүчөлөрү.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул бизнес-ассоциациясынын ишмердиги кыргыз-япон мамилелеринин тереңдешине чоң салым кошуп, ата мекендик айыл чарба продукциясынын Япониянын рынокторуна экспортун кеңейтүүгө таасир эткенин өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргыз-япон кызматташтыгынын ийгиликтүү мисалы катары Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Ысык-Көл облусундагы «Бир айыл-бир продукт» долбоорун ишке ашыруу болгонун белгиледи.

«Сиздердин колдооңуздар менен Кыргызстандын ишкерлери Японияда түрдүү көргөзмөлөргө катышып, япон ишкерлер чөйрөсү менен мамилелерди түзүүдө. Кыргызстан экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатууга аракетин жумшап, Япония менен бул багытта иштөөгө кызыкдар», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы кезектеги кыргыз-япон ишкерлер форумун өткөрүү боюнча пландары менен бөлүшүп, бүгүнкү күндө Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдоо жана мындан да жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча активдүү иштер жасалып жатканын кошумчалады.

«Ротобо» япон бизнес-ассоциациясы 1967-жылы негизделип, КМШ, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен бизнес кызматташтыктын өнүгүүсүнө жардам берет.

«Ротобонун» өнөр жайдын ар кандай тармактары, банктар, фонддук компаниялар, өнөр жай бирикмелери, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу агенттиктер, ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу болуп, 200дөн ашуун мүчөсү бар.

Пикир

Оставить комментарий