• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына учуп кетти - делегациянын курамы

Президент 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн сырткары КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов.

Пикир

Оставить комментарий