Президент Жээнбеков Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Өзбекстан Президентинин кыргыз-өзбек элинин достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде чек ара кызматташтыгы жана кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин жандандыруу жөнүндө талкуулашты.

Президенттер эки өлкөнүн өз ара гуманитардык көмөк көрсөтүү жаатында аткарган ишин канааттануу менен белгилешип, ошондой эле мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү чараларын карашты.

Пикир

Оставить комментарий