• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ШКУнун органын түзүүнү сунуштады

Президент 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча атайын орган түзүүнү сунуштады. Аталган демилгени мамлекет башчысы Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммитинин кеңири курамдагы жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, адатта, экономикалык кылмыштар трансулуттук мүнөзгө ээ.

"Алар баңгизаттарды сатуу, аткезчилик, кылмыштык жол аркылуу табылган кирешелерди адалдоо менен тыгыз байланышкан. Алар мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Кыргыз тарап экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ШКУнун органын түзүүнү сунуштоодо", - деп билдирди президент.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, заманбап шарттарда интернет айдыңынан келип жаткан коркунучтар мамлекеттердин коопсуздугунун реалдуу коркучунтары болуп эсептелет.

"Текшерилбеген, көп учурда алдын-ала калп маалыматтар таркатылып, терс маанай жаратып жатканы көп болууда. Кылмыштуу, террористтик жана согуштук-саясий максаттарда АйТи технологияларды колдонуу коркунучтары күчөп жатат" - деп билдирди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУ саммити өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий