• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жээнбеков «тайвань маселеси» боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди

Саясат 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. «Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алабыз – биздин мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү баскычына көтөрөбүз», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен анын Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн кеңири курамдагы жолугушууда.

Мамлекет башчысы Кытайдын Төрагасы менен болгон быйылкы жылдагы үчүнчү жолугушуу өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын жогорку деңгээлин жана активдүү динамикасын көрсөтүп турганын канааттануу менен белгиледи.

«Сиздин кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине жеке көңүл буруп жатканыңызды биз жогору баалайбыз. Сиздин колдооңуз менен Кыргызстанда республиканын экномикасын өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу долбоорлор жүрүп жатат. Көз карандысыздык жылдары ичинде көрсөтүлгөн жардам үчүн биз кытайлык досторубузга ыраазыбыз», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент КЭР Төрагасынын бул мамлекеттик визити абдан жемиштүү болуп, кыргыз-кытай мамилелериндеги жаркын жана тарыхый учур болот деп ишене турганын билдирди.

“Былтыр биз Сиз менен өз ара мамилелердин деңгээлин ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкка чыгардык. Өз ара аракеттешүүнү мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү үчүн бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент «тайвань маселеси» боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын дагы бир жолу тастыктады.

«Тайвань Кытай территориясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал эми Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү – бүтүндөй Кытайдын атынан сүйлөгөн жалгыз мыйзамдуу Өкмөт», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүү маселелери боюнча Кыргызстан Кытай менен бирдиктүү позицияны карманарын кошумчалады.

«Дүйнөлүк жана регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери салт катары Кыргызстандын жана Кытайдын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калат. Коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү көптөгөн олуттуу маселелер боюнча биздин бирдиктүү көз карашыбыз мамлекеттерибиз ортосундагы өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү жана активдештирүү үчүн бекем негиз түзөт деп эсептейм», – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий